Сары-Учук
Сары-Учук — «Манас» эпосундагы топоним. Манастын Текес кан менен болгон урушунда Бакай кароолго баратып өткөн жер.
Сары-Учуктан айланып,
Кутусун тыгып койнуна,
Саадагын асып мойнуна,
Аңдап тургун Бакайдын
Азыр кылар ойнуна (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 41).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4