Сары чырмоок

Википедия дан
Cuscuta europaea.

Сары чырмоок (лат. Cuscuta, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн чырмооктор тукумундагы мите уруусу. Тамырсыз, жалбыраксыз, ичке жиптей сары сабагы башка өсүмдүктөргө оролуп өсүп, анын ширесин сорот. Гүлдөрү майда (2-7 мм) агыш, кызгылт, жашыл түстүү, сабактын ар кай жерине топтолуп жайгашкан. Мөмөсү кутуча: 1, 2 же 4 уруктуу. Уругу бир нече жыл өнүмдүүлүгүн жоготпойт. Мекени – тропиктик Америка жана Африка. Жер жүзүндө 100дөй түр белгилүү. Кыргызстанда 6 түрү бар. Алар отоо чөптөргө, жашылчадан, тоют чөптөргө, картошка, зыгыр, кээде бадал, дарактарга чейин чырмалып өсүп, алардын азык зат, суу алмашуусун бузат, түшүмү азайтып, сапатын төмөндөтөт. Айрым учурда өсүмдүк такыр солуйт. С. ч. вирус илдетин жаратат. Күрөшүү чарасы: карантин чектөө, туура которуштуруп эгүү, тазалоо, чөптү С. ч. гүлдөгөнгө чейин чабуу, жерди культивациялоо жана гербицид чачуу.

Ад.: Бейлин И.Г. Борьба с повиликами и заразихами. М., 1967.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]