Сасыкбаева Асия

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сасыкбаева Асия Айтбаевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты."Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын мүчөсү. 1951-жылы 18-декабрда Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Кыргыз. Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетин «англис тили окутуучусу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуп иштөөдөн баштаган.

  • 1983-1991-жылдары Бишкек шаарындагы №37 орто мектепте иштеген.
  • 1991-1994- жылдарда Бишкек шаарындагы №47 орто мектептин директорлук кызматын аркалаган.
  • 1993-жылы АКШнын Тынчтык корпусунун тил жана маданият кызмат алдындагы программасынын координатору, 1999-жылдан 2001-жылга чейин Сорос-Кыргызстан фондунун директорлор кеңешинин төрайымы, 2002-2003-жылдары болсо директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
  • 1993-жылдан 2010-жылга чейин «Интербилим» эларалык борборунун директорлук кызматында иштеп келген.
  • 2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Ата Мекен» саясый партиясынан депутат болуп шайланган.
  • 2010-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасары болуп шайланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]