Сатаева, Гүлкан

Википедия дан

Cатаева Гүлкан (1933-ж. т., Панфилов району, Эркин-Сай айылы) — опера ырчысы (сопрано). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1967).
1956-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн (Е. В. Кузьминанын классында) бүткөн.
1956-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында иштеген.
1990-жылдан Кыргыз маданият мининистрлигинде иштейт.
Каармандардын мүнөзүн так ачып берүү жөндөмү жана үнү айкалышып турат.
Аткарган негизги ролдору: Айчүрөк (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Айчүрөк»), Каныкей (А. Малдыбаев, «Манас»), Кишимжан (М. Абдраев, «Олжобай менен Кишимжан»), Гүлчахра (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Татьяна (П. И. Чайковский, «Евгений Онегин»), Лиза (П. И. Чайковский, «Карганын маткеси»), Аида (Ж. Верди, «Аида»), Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Ажал ордуна»), Ширин (А. Аманбаев, «Бойдоктор»), Гулнара (Н. Давлесов, «Аста секин, колукту»), Толгонай (К. Молдобасанов, «Саманчы жолу») жана башка.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.