Сатикеев Урматбек
Көрүнүш
Сатикеев Урматбек 1965-жылы 9-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.
- Мектепти 1982- жылы эң жакшы баалар менен аяктап, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика факультетине тапшырып кабыл алынган.
- 1983-1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
- Кызмат учурунда КПССтин мүчөсүнө талапкер болуп, кызматтан келгенден кийин 1986- жылы мүчөсүнө кабыл алынып, КМУну да ийгиликтүү аяктаган.
- Эмгек жолун КМУнун физика факультетинде лаборант-окутуучу болуп иштеп баштаган. Кийинки жылдары өзүнүн туулуп өскөн айылындагы Дзержинский атындагы мектепте эмгектенип, Республикалык деңгээлдеги конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга жетишип, жогорку категориядагы мугалим экенин көрсөткөн.
- Учурда Бишкек шаарында жеке ишкерлик менен алектенип, кичи мекени Сары-Булак айылынын социалдык жактан өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет.
- Атасы Салибай согуштун, апасы Райла эмгек ардагери.
- Төрт баланын атасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3