Сатылган Бапы уулу (Сатылган Датка)

Википедия дан

Сатылган Бапы уулу, Сатылган Датка (1780, Акчий аймагы, азыркы Талас ш. туулган жер — 1869, ошол эле жер) — Талас кыргыздарынын чоң манабы. Алакчын уруусунан.
Шабото баатырдын уулу Бапы бийдин баласы. Жаш көзинен эле чыйрак, бышык, сергек чыгып, сөзгө чебер, шайыр-комузчу, эр жүрөк адам болгон. Кокон хандыгы ага 20—30 жаштарында датка наамын берип, Талас өрөөнүн башкарткан.
Сатылган өз мөзгилинде өтө сергек дипломатиялык саясат жүргүзүүнүн негизинде чет элдик империялык басып алуучуларга жол берген эмес. Өзгөчө казак-кыргыздардын ортосундагы көптөгөн кагылышууларга жол бербей, акылмандуулук менен эки элдин ынтымагын сактап келген. Кокон хандыгынын жүргүзгөн саясатын жергиликтүү элдин шартына жараша жүргүзгөн. Кыргыз урууларынын ортосундагы ар кандай кагылышууларда да ынтымакка чакыруу саясатын жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.