Саша (дижей)

Википедия дан

Саша (англ. Sasha, өз аты: Александр Пол Коу (англ. Alexander Paul Coe; 1969-жылы 4-сентябрь) - Бангордо (Гвинед, Уэльс) туулган дижей, музыкалык продюсер жана "Грэмми" сыйлыгынын талапкери. DJ Magazine журналынын сурамжылоосу боюнча Саша 2000-жылы "Дүйнөдөгү эң мыкты дижей" болуп шайланган. Ал төрт жолу Эл аралык бий музыкасы сыйлыгына, ошондой эле төрт жолу DJ Awards сыйлыгына татыктуу болгон.

Саша чыгармачылыгын 1980-жылдардын аягында эсид-хаус-дэнс музыкалык жанры менен баштаган. Ал 1993-жылы дижей Жон Дигвид менен кызматташтыгында башка жерлерге гастролго барып микстердин (башка аткаруучулардын чыгармаларынын жыйноосу үзгүлтүксүз түрдө аткарылуусу) серияларын чыгарган.

Саша Мадонна, The Chemical Brothers жана Hot Chip сыяктуу аткаруучулардын чыгармаларына ремикс жасаган. Саша жасаган ремикстеринде жана өз чыгармаларында көптөгөн учурда электр музыкалык жанрларын айкаштырат, ал сынчыларга анын музыкалык стилин аныктоого кыйынчылыктарды туудурат, анын ичинде Сашанын алгачкы Airdrawndagger альбому да кирет.

Продюсер жана дижей катары ийгиликке жеткенден кийин Саша эки жаш дижей жана продюсер Брайан Трансо жана Жеймс Забиела менен чогу иштеген. Жандуу үндүн инженердик жабдуусун колдонуусу менен үндү жазуу жана үндү чыгаруу жабдуулар менен иштеп көнгөн дижейлер арасында технологиялык жаңылыктарды киргизүүгө жардамчы болгон. 2007-жылы ал Renaissance Records менен бирге өзүнүн жаңы музыкасын эксклюзивдүү түрдө чыгарган emFire аттуу фирма белгисин түзгөн. Three Six Zero Group Сашанын менеджери катары таанымал.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]