Сашун

Википедия дан

Сашун (Sanggun) - мамлекеттик жогорку чин, VI к. бери маалым. VI-XIII кк. чегинде Кыргыз каганатында бул термин «ханзаада», «тактын мураскери», «кол башчы» маанилерин туюнткан.

Кытай императорлору кыргыз кагандарынан расмий элчиликке келген адамдарды мамлекеттеги ээлеген кызмат даражасына карата «сангун» деп аташкан. Тан доорундагы (VII-X кк.) кытай тилинде (диалектилеринде): Sanggun; xiang gong - «ханза- ада», «принц» маанисин берген жана хан тукумунан тарагандардын атына жалганып айтылган титул болгон. Барлыктагы (Тува, Элегест) кыргыздарга таандык жазуу эстеликте: «...Байна Сангун уулу Күлүг Чормун, муңсуз улгатым (улгайдым), Теңир берген күнгө, жердеги элиме бөкбөдүм тойбодум), өргөөдө кунчайым (канчайым - каныша), уулум калды...»-деген маалыматтар бар. (Орхон-Енисей тексттери, 1982, 149). Ал эми, Улуг Кем-Күлү Кемдеги эстеликте Чочук Бөрү Сангун деген адам аты кездешет (аталган эмгек, 156-6.).

Уй-бат өрөөнүндөгү (Хакасия) үчүнчү эстеликте: «...Теңирим (мени) жалгады (колдоду), калың журтуму, үч уулуму көрбөдүм, мен Тархан Сангунмун, мен Эл-Чур (Чор) элинин пайдасы үчүн күрөштүм...» - деп жазылат (аталган эмгек, 176-6.).

843-ж. Кыргыз каганынан Тан династиясынын императорунун атайын мам-лекеттик-расмий кабылдоосунда кыргыздын тектүү элчилери Тапказ сангун (Чжу-у-Хэсу), Жоокусол сангун (Табу Хэцу), Ошкор сангун, Дадас Инанч Чорлор (Вэн-у Хэ) болушкан (Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары. - Б.: 2003).

Байыркы кыргыз (түрк) тилинде Inanch — ишенимдүү, ишеним жүктөлгөн адам («элчи» сөзүнүн синоними) маанисин туюнткан. Ал эми биринчи элчиликти Кыргыз каганынын Тапказ (ж) аттуу элчиси жетектеп барган. Tawgach - байыркы кыргыз тилинде «кытай», «кытай адамы» деген маанини берген. Болжолу, Тапказ (ж) Кыргыз каганына ак дилден кызмат өтөгөн, теги кытай адамы болуусу да ыктымал. Анткени, мамлекеттеги тышкы иштер маселелеринде кошуна элдердин маданиятын, үрп-адатын, тилин билген адамдар өзгөчө зарыл болгондугу маалым.

Кыргыздар менен эн оболку дипломатиялык алакалар Тан династиясынын мамлекетинин) «Сяцяцы ча гунту чжуан суй» («Китепкана казынасы») аттуу жыл баянда чагылдырылат. Бул баян Кыргыз каганынан расмий иш сапары менен келген Тапказ (Чжу-у Хэсу) деген элчиден соң жазылган. Кытай императору (Тан династиясы, IX к.): Падыша урмат менен Кыргыз каганына салам айтат. (Сизден) Дадас Инанч Чор сангун ордо шаарга (борборго) келди. Сиз жиберген катты окуп, тартууга келген эки ак боз аргымакты кабыл алдык...» — деп жазат. Болжолу, Кыргыз каганы Тан Катгардын соңунда Тан императору: «...Каган ден соолугуңузду жакшы күтүңүз, Сиз сангундарыңызга, жайсаңдарыңызга, ошондой эле бардык вазирлериңизге менден салам айтып коюңуз. Бул катта аларды бирден атап салам айтууга болбоду» - деп жыйынтыктаган династиясына өзүнүн мураскерлерин же жакындарын элчи катары жөнөткөн болуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8