Саясаттагы максатка божомолдоо

Википедия дан

Саясаттагы максатка божомолдоо — максаттарды аныктоо процесси.

Анын баштапкы баскычы — кырдаалдарды изилдоо, саясаттыя жана бийликтин милдеттерин анализдоо, алардын маанилүүлөрүн тандоо, бул милдеттерди чечуудо тиешелуу чечимдерди кабыл алуу жана тиешелуу саясий процесстя долбоорлоо, бул керектуу максаттарга жетуу менен аякташы керек. М. б. саясаттын теориясынын маанилуу элемента, ал саясаттын субъектилеринин иш-аракеттерин алдыга койгон максаттары, алардын шартгарын билүү жана аларды ишке ашыруунун каражагтары аркылуу түшүндүрүүгө жардам берет.

Саясаттагы максатка божомолдоо төмөндөгүдөй аспектилерге бөлүнөт: - саясий программаларды, идеологиялык орнотмолорду түзүү аркылуу саясий максаттарды калыптандыруу; - калыптандырылган максаттарды жана социалдык-саясий шартгарды эске алуу менен субъект тарабынан саясий чечимдерди кабыл алуу; - белгилуу бир саясий иш-аракеттерди иш жүзүнө ашыруу жолу менен алдыга коюлган саясий максаттарды ишке ашыруу.

Саясаттагы максатка божомолдоо саясатта чечим кабьш алуу процедурасынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Кимдир бироо тарабынан коюлган максат - берилген коомдун социапдык-экономикалык, саясий шарттарына дал келбеген - ишке ашпайт, бирок бул коомду бир тараптуу, толук эмес, чындыксыз кылат; мындай коом бузула баштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8