Саясат таанунун усулдары

Википедия дан

Саясат таанунун усулдары
1) институционалдык;
2) тарыхый;
3) бихевиористтик;
4) психологиялык;
5) эмпирикалык усулдар.

Ар бирине токтоло кетели: Юридикалык илимдерде үстөмдүк кылган институционалдык усулдун жардамы менен саясий турмуш саясий институттардын (укук, мамлекет, партиялар, бирикмелер, кысым көрсөтүү топтору д.у.с.) иши аркылуу анализденип келген.

Тарыхый усул саясий турмушту саясий процесстин эволюциясынын контекстинде карап, өткөндүн, учурдун жана келечектин байланыштарын аныктоо негизинде изилдейт.

Саясий көрүнүштөрдү элестүү жана конкреттүү көрсөтүш үчүн XX к. 30-жж. бихевиористтик усул пайда болду. Бул усул боюнча саясат конкреттүү инсандын жүрүм-туруму менен байланышта каралып, саясий көрүнүштөрдүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондон бери саясат таануу боюнча изилдөөлөрдө математикалык усулдар, статистика маалыматтарьт, анкеталык сурамжылоо, моделденггирүү ж.б. ыкмалар активдүү пайдаланыла баштады.

Психологиялык усул жана анын көп түрүнүн бири — психикалык анализ менен бихевиоризм органикалык түрдө байланышкан. Психологиялык усулду эң биринчилер- ден болуп, «Падыша» («Государь») атгуу белгилүү эмгектин автору — Н. Макиавелли пайдаланган. Мунун өзү шык-илхам, каалоо, ышкы-кумарды жана индивид кемчиликтерин (ачкөздүк, кошоматтьпс, көрө албастык ж.б.) талдоо аркылуу саясий жүрүм-турумдун субъективдүү механизмдерине жасалган эң сонун анализ болгон. Психологиялык усулдун чегинде жүрүм-турумдун өбөлгөсү катары психикалык мотивдердин бүткүл спектри каралат, ал эми психикалык анализде болсо, саясий ишмердиктеги ацдоодон тыш аракеттерге басым жасалат. Психикалык талдоонун жакшы жактары, анын жардамы менен саясий жүрүм-турумдун иррационалдык, б.а. акыл менен андалбай жасалган (латындын rationalis - акыл-эстүү, irrationalis - акыл-эссиз) моменттерин түшүн- дүрө ала тургандыгында. Ырас, дайыма эле саясий жүрүм-турумдан субъектгин так максатын аныктап, анын идеалын талдоого мүмкүн эмес. Субъектгин кылык-жоруктары андалбаган, б.а. бала кезде алган таасирлери менен да шартталат деп эсептейт, психикалык талдоо усулун түзүүчү австриялык психолог жана психиатр З.Фрейд (1856-1939). Эмоционалдык кызууланган учурларда балалыктын түспөлдөрү жана таасирлери жүрүм-турумдардын мотиви болуп калышат. Психикалык талдоо усулу тоталитаризмдин маңызын ачып көрсөтүүдө, саясий жүрүти-турумдун деструкциячыл жана агрессиячылдыгына, мис., кыжырланган элдин толкунун, пайда болгон проблемаларды чечүүнүн жолу катары согушка чакырган саясатчылардын, өзүнүн жеке бийлигин орнотуу үчүн миллиондогон мекендештерин жок кылууга жөндөмдүү болгон жолбашчылардын жүрүм-турумдарын түшүндүрүүдө өтө натыйжалуу болуп чыкты.

XX к. 50-жж. анализдин эмпирикалык усулдары сындоого алынып, системалуу усул калыптана баштайт. Бул усул чегинде саясат деген бүтүндөй бир жетилген курам катары каралып, ал эми анын (саясаттын) өнүгүү логикасы, бир жагынан, тышкы чөйрө менен өз ара аракеттениши, экинчи жагынан, саясатты түзүүчү элементтердин ортосундагы ички байланыштардын мүнөзү менен шартгалышы катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8