Саясат таануунун функциялары

Википедия дан

Саясат таануунун функциялары — Биздин коомдук-саясий турмушубузда саясат таануу аткара турган функциялар өтө кеңири, абдан көп; биз алардын кээ бир орчун- дууларына жана жалпыланган, бириктирилген функцияларына гана токтолобуз.

Методологиялык функция - саясат таануунун тыянактары, бүтүндөй өзүнчө бир окуяны, коомдук кубулушту изилдөөдө керек болуучу саясий теориянын негизи болуп бере алат. Себеби теориясын иштеп чыкпай туруп, саясий изилдөө жүргүзүү таптакыр мүмкүн эместиги баарыбызга белгилүү.

Теориялык-таанып билүү функциясы саясат таануу, анын коомдогу ролу жөнүндөгү билимди калыптандырат. Саясий реалдуулукту таанып-билүүгө жана бийлик мамилелеринин табияты менен булактары, аларды ыкчам уюштуруунун жолдору жөнүндөгү фундаменталдуу билимдерди берүүгө багыттайт.

Саясий социалдаштыруу функциясы - жарандардын демократтык саясий маданиятын калыптандырууга, саясий аң-сезиминин өсүшүнө, саясий жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган эрежелери менен стандарттарынын негизинде жарандардын саясий уюмга биригүүсүнө жардам берет.

Көз карашты пайда кылуу функциясы — саясат таануу саясий чындыкка карата белгилүү бир коз карашты иштеп чыгууга көмөк берет.

Саясий рефлекс функциясы — социалдык процесстерди рационалдуу, сынчыл көз караш менен баа берүү жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга, саясий турмушта өз ордун, өз ролун, өз тагдырын өзү эркин тандап алууга багытталат.

Аксеологиялык функциясы - саясат таануу саясий институттарга, түзүлүшкө, жүрүм-турумга, окуяларга баа берет.

Диагностикалык функция - саясий программа менен саясий багыттардын конкреттүү коомдун өнгүгүүсүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен абалына, ошондой эле социалдык прогресстин тенденцияларына ьшайык келишин саясат таануу так аныктап берет.

Божомолдоочу (прогноздоо) функция - ар түрдүү факторлордун: эл аралык, экономикалык, социалдык-таптык, идеологиялык дагы ушу сыяктуулардын таасирлерин эске алуу менен саясий процесстердин каалаган жана мүмкүн болгон варианттарын иштеп чыгууга багытталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8