Саясат таануу илимдеринин кандидаты

Википедия дан

Саясат таануу илимдеринин кандидаты - бул пост-советтик Кыргызстанда жана башка бир катар мамлекеттерде саясат таануу тармагында берилүүчү окумуштуулук даражанын биринчи баскычы.

Саясат таануу боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган окумуштуу андан кийин бул тармакта докторлук диссертациясын коргоо үчүн жолдомо ала алат. Докторлук диссертацияны ийгиликтүү жактагандар саясат таануу илимдеринин доктору илимий даражасын алышат.


Саясат таануу боюнча кандидаттык жана докторлук диссертациялар Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин төмөнкү тармагы боюнча жакталат:

Бул тармак боюнча атайын диссертацияларды коргоо кеңеши ачыла элек кезде Кыргызстандагы окумуштуулар тарых, философия сыяктуу башка илим тармактарына ылайыкташтырып эмгектерин жактап келишкен.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акунов А. (ред). Саясат таануу: Энциклопедиялык окуу куралы / Жооптуу редактор Аалыбек Акунов. - Б.: Кыргыз энцикл. Башкы ред., 2004. - 400 бет. - ISBN 9967-14-011-9. - [Мамлекеттик тил жана Энциклопедия борбору; КР Билим берүү министрлиги; Жусуп Баласагын атындагы КУУ.].
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,