Саясий жетекчилик

Википедия дан

Саясий жетекчилик — саясий чөйрөдө жүргүзүлгөн стратегиялык жана тактикалык пландарды ишке ашырууга багытгалган коомдук ишмердүүлүктүн бир түрү, агымдагы саясий процесстерди бир борбордон башкаруу.

Саясий практикада саясий чечимдерби иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу менен байланышкан жөнгө салып - башкаруучу Саясий жетекчилик тин жана үстөмдүк кылган саясий элитанын легитимдүүлүгүнө жетишүүгө жана кармап турууга багытталган Саясий жетекчиликти айырмалап карашат. Саясий жетекчилик тин субъектиси ким? — деген көз караштан алып Караганда ал персоналдык, элитардык-корпоративдик жана институционалдык болуп бөлүнөт.

Персоналдык Саясий жетекчилик саясий чечимдердин кабыл алынуу жана ишке ашыруу процессине олуттуу таасир этүүгө талапкер болгон саясий лидер же айрым алынган жаран тарабынан жүргүзүлөт. Саясий бийликтин бутактары жана массапык маалымат каражаттары чечүүгө тийиш болгон маселелердин өзгөчөлүктөрү Саясий жетекчилик тин мазмунун шарттайт. Алсак, мыйзам чыгаруучу бийлик үчүн мыйзамдарды иштеп чыгуу ишмердүүлүгү мүнөздүү. Аткаруучу бийлик үчүн - ыкчамдуу Саясий жетекчилик жана саясий башкаруу. Сот бийлиги Саясий жетекчилик көзөмөлдөөчү кызматына адистешкен. Массалык маалымат каражаттары кимге тиешелүүлүгүне жараша, ар түрдүү саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары үчүн массалык саясий аң-сезимге таасир этишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8