Саясий маанай

Википедия дан

Саясий маанай — тургундар өмүр сүрүп турган саясий тартип чегиндеги өздөрүнүн тилектерин канаатгандыруу деңгээлинин социалдык-психологиялык абалы.

Саясий маанай сырткы жагдайларга жана субъектинин өзүнүн жагдайына тиешелүү. Бул түшүнүк төмөндөгү түшүнүктөр менен тыгыз байланышта: эмоция, күтүү сезими, бийликке өзүнүн таасирин тийгизүү деңгээлин сыноо ж.б. Саясий маанай белгилүү бир циклда жүрөт: пайда болуу, бурулуу, көтөрүлүү жана кыйроо. Саясий маанай пайда болгон учурда адамдар өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирип, күнөөлүүлөрдү издейт. Саясий маанай. бурулган кезде адамдардын көңүлдөрү саясий талаптарга бурулуп, алар өз нааразычьтыктарынын себептерин түшүнө баштайт. Ал эми Саясий маанай көтөрүлгөн маалда так маанай аныкталып, аны иш жүзүнө ашыруу аракеттери талап кылына баштайт. Саясий маанай кайра жаралуу маалында эмоционалдык туруксуздук байкалат. Саясий тартитт калыптанышында Саясий маанайдын ролу чоң, ошондуктан саясий тартип анын динамикасын болжоого, аны башкарууга умтулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]