Саясий мейкиндик

Википедия дан

Саясий мейкиндик - саясий ишмердик камтыган чөйрөнүн өтө эле ар тараптуулугу жана калың массага тереңдеп сиңип кетиши.

Саясий мамилелер мейкиндиксиз жашай алышпайт. Саясий мейкиндикти жалаң эле геогр. мейкиндик менен окшоштуруп коюу туура эмес. Геогр. мейкиндик Саясий мейкиндиктин «үстүңкү катмары» сыяктуу чыгат. Саясий турмушка көбүрөөк активдүү кагышкан социалдык катмарлар саясий активдүүлүктүң, талаасын түзүшөт (ушунун өзү саясий мейкиндик болуп эсептелет), мына ушул жерде мамлекеттик бийлик боюнча мамилелерди түздөн-түз тактоо жүргүзүлөт. Саясий активдүүлүүгү көрсетпөгөн субъектилер саясий мейкиндиктин чет жакаларынан орун алышат, ал эми саясий жакырданган элементтер бул мейкиндиктен таптакыр чыгын калышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4