Саясий реформа

Википедия дан

Саясий реформа — баарынан мурда саясий процесстин эволюциялык жана күч колдонулбаган мүнөзүн чагылдырат.

Кайсы бир саясий системанын улуттук коомдун көп түрлүү кызыкчылыгы жана талабы, жаңы структуралык факторлорго (экономикалык, социалдык, а.и. этникалык ж.б.) утуру ылайыкташуу жөндөмдүүлүгү, сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин эске алып, тез-тез өзгөрүлүп турушу менен анын туруктуулугун камсыз кылат.

Реформанын эң көрүнүктүү мисалы катары, аткаруу бийлигинде (өкмөттө ж.б.) партиялык система же парламент аралык күчтөрдүн катышын жана анын таасирине жараша конституциялык өзгөртүү киргизүү, жаңыча түзүү болуп эсептелет. Кайсы бир саясаттын узак убакыт бою туруктуулугун сактап турушу - өзгөрүүлөрдүн жоктугунун белгиси эмес, тескерисинче курч кырдаалдарды алдын-ала көрө билүү, саясий-нормативдик механизмдерди тынч жол менен түзөтүү, системалык реформалоонун ийкемдүү, чебер жана күч колдонулбаган методу аркылуу жүргүзүлгөндүгүнүн далили болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8