Саясий система

Википедия дан

Саясий система(коомдо) – саясий субъекттердин, структуралардын, мамилелердин интеграцияланган, бүтүндүк жыйындысы. Социалдык биримдиктердин жана күчтөрдүн кызыкчылыгын чагылдырат.
Саясий система коомдун интеграциясын жана жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн камсыз кылат. Айкын социалдык биримдиктин кызыкчылыгын эсепке алуунун даражасы анын өлкөнүн экономикалык жана саясий турмуштагы өлчөмү менен аныкталат. Саясий системанын эң толук жана адекваттуу болушу анын маңызын, динамикалык, структуралык жана функционалдык параметрлерин чагылдырган системалуу, комплекстүү ыкма эсептелинет.
Коомдук системага караганда Саясий система башка кичи системалар: экономикалык, социалдык, руханий-идеологиялык, укуктук, ж. б. менен өз ара аракеттенүүдө функцияларын ишке ашырат. Анын тышкы саясат чөйрөсү менен да өз ара аракети ушундай эле тыгыз. Саясий система түшүнүгү айкын мамлекеттик уюшулган коомго карата колдонулат, бирок объективдүү регионалдык, глобалдык саясий системалар да өкүм сүрүшөт.
Саясий система өзүн-өзү тескөөнүн белгилерине ээ. Системанын кирүүсүнө социалдык-саясий импульстар келип түшөт.
а) талап, б. а. Жарандык саясий, экономикалык, социалдык, руханий ж. б. кызыкчылыктарын жана күткөндөрүн чагылдыруучу маалыматтар;
б) колдоо, б. а. саясий системанын ишмердүүлүгүн айкын аракет, билдирүү же унчукпастан макул табуу менен колдоо көрсөтүү;
в) жашап жаткан, жок болуп бараткан же пайда болуп жаткан социалдык күчтөрдүн активдүү же пассивдүү каршы аракеттери;
г) Саясий системанын өзү тарабынан, анын башкаруучу элитасы тарабынан иштелип чыккан «ички» импульстар (элде жактырылуучу же жактырылбоочу). Саясий системанын бул импульстарды кайра иштетет: өзүнүн чыгуусунда колдойт, же басат, же жок дейт, же нейтралдуу мамиле жасайт. а) саясий чечимдерди, б) саясий аракеттерди; в) кайра жаратуу импулсун, б. а. системанын кирүүсүнө түздөн түз түшүүчү саясий акцияларды берет.
Сасий система ар дайым өнүгүп турат. Ички жана тышкы факторлордун астында ал мейкиндикте жана убакытта өзүнүн сандык жана сапаттык өлчөмдөрүн өзгөртөт. Анын чектери согуштук ж. б. социалдык, саясий катаклизм учурунда кеңейет да, коомдун тынч, туруктуу, эволюциялык өнүгүү мезгилинде тарайт.
Саясий системанын негизги структуралык элементтери төмөнкүлөр: саясий бийлик, анын ичинде мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, соттук; саясаттын субъектилери – индивиддер, коллективдер, социалдык топтор, коомдук саясий уюмдар жана кыймылдар; саясий мамилелер – саясий бийлик боюнча саясий сферадагы субъекттердин мамилелери; коомдун саясий уюму – чегинде коомдун саясий турмушу өтүүчү институттар; мамлекеттик мекемелер, саясий партиялар, коомдук саясий уюмдар, диний бирикмелер ж. б.
Саясий системанын негизги функциялары: коомдун мүчөлөрүн саясий социалдаштыруу, б. а. аларды саясий ишмердүүлүккө тартуу; коомдун максатын, милдетин, өнүгүү жолдорун аныктоо, анын жашоосунун айкын программасын иштеп чыгуу жана алардын аткарылуусу боюнча иштерди уюштуруу; социалдык биримдик, топ жана катмарлардын кызыкчылыгы жана абалына ылайык материалдык жана руханий байлыктарды аныктоо жана бөлүштүрүү; мамлекеттик структуралар, социалдык биримдиктер жана индивиддердин кызыкчылыктарын ылайыкташтыруу; руханий-идеологиялык ишмердүүлүк, саясий аң-сезимди калыптандыруу же аны менен манипуляциялоо; берилген коомдук-саясий түзүлүштү бекемдөө.

Саясий системанын типологиясында бир нече ыкмалар бар. Таптык мамилелердин көз карашы боюнча кул ээлөөчүлүк, феодалдык, буржуазиялык, социалисттик, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн – саясий системаларынан айырмаланышат. Эгерде типологиянын негизинде саясий режим коюлса демократтык, тоталитардык, авторитардык жана начар өнүккөн саясий системаларды айырмалашат. ХХ к. экинчи жарымы көп өлкөлөрдүн Саясий системанын айтуусунда интенсивдүү эволюциялык жана революциячыл процесстер менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9