Саясий чечим

Википедия дан

Саясий чечимсаясат чөйрөсүндө белгилүү натыйжага жетишүү максатында саясий иш-чараларды өткөрүүнү көздөгөн токтом. Саясий аракеттин субъектиси тарабынан кабыл алынат. Саясий чечимдин жогорку сапаты илимий негизделгендикти, реализмди, анын өз убагында кабыл алынышын болжолдойт. Ушундай ыкманын актуалдуулулугун жана маанилүүлүгүн субъективдүү, авантюристтик мүнөздөгү Саясий чечим коом үчүн оор кесепеттерди алып келет. Өзүнчө бир белгилүү процесс катары Саясий чечим удаалаш баскычтар менен чагылдырышы мүмкүн: даярдоо, иштеп чыгуу, тандоо жана кабыл алынган чечимди ишке ашыруу, натыйжаларды анализдөө. Даярдоо стадиясында проблемалык кырдаал баяндалат, Саясий чечим кабыл алууга зарыл убакыт, ресурстар аныкталат.
Саясий чечимди иштеп чыгуу стадиясында башкы көңүл проблеманы анализдөөгө бурулат. Анын пайда болуу мезгили, орду, себептери такталат, проблеманын шашылыштыгы жана жаңылыгы, болгон шарттарды эске алуу менен аны чечүү мүмкүнчүлүгү бааланат.
Саясий чечимди тандоо стадиясы мурда алынган маалыматты кайра иштеп чыгууга, аны тандоону негиздөө үчүн пайдаланууга ыйгарылат. Бир нече варианттын тандалышынын жүрүшүндө бирөө аныкталып, саясий документ түрүнө келтирилет. Саясий чечимди жүзөгө ашыруу стадиясы ал көрсөткөн иш-чаралардын турмушка ашырылышында жатат. Мында кабыл алынган чечимди түшүндүрүү, тоскоолдуктарды жоюу талап кылынат. Аяктоочу стадия болуп жетишкендиктерди баалоо, алынган натыйжаларды анализдөө эсептелинет. Саясий чечимди кабыл алуунун бул ыкмасы анын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б