Саясий эркиндиктер

Википедия дан

Саясий эркиндиктер – социалдык эркиндиктин (экономикалык, ыймандык, диндик ж. б. менен катар) түрү; инсандын жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгына жана максаттарына ылайык аракет кылуу жөндөмдүүлүгү жана мүмкүндүгү. Саясий эркиндиктер мыйзам тарабынан бекитилген, граждандардын саясий ишмердүүлүккө катышуу укугу жана мүмкүндүктөр системасы катары чыгат. Бул – граждандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги институту, адамды саясий процесстин активдүү катышуучусу кылган демократтык түзүлүштүн атрибуту. Саясий эркиндиктердин чөйрөсү абдан кеңири.
Азыркы күндөгү демократиялык мамлекеттерде граждандар: шайлоого жана мамлекеттик бийликтин органдарына шайланууга; өзүнүн эркин референдум, плебисцит ж. б. формалар аркылуу чагылдырууга; сөз, басма сөз, чогулуш, митинг, демонстрация эркиндиктеринен пайдаланууга укуктуу. Граждандардын саясий партияларды жана коомдук уюмдарды түзүү укугу жана алардын эркин ишмердүүлүгү зор мааниге ээ.
Саясий эркиндиктердин катарына саясий жана идеологиялык плюрализмди түзүүчүлөр катары граждандыкты, дүйнөгө болгон көз карашты, саясий позицияны тандоо эркиндигин киргизүүгө болот. Коомдун деңгээлинде коомдук түзүлүштү, мамлекеттик жана улуттук суверендүүлүктү тандоо жана коргоо эркиндиги аракеттенет. Саясий эркиндиктердин реалдуу болушу үчүн аларга ылайык келген экономикалык шарттар, анын ичинен эркин эмгектин, чарба ишмердүүлүгүнүн стимулдаштырылышы керек. Бирок Саясий эркиндиктердин өзүлөрү да адамдардын экономикалык керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын канаатандыруу үчүн зарыл.
Алар коомдун жана инсандын аң-сезимин жана интеллектуалдык потенциалын көз карандылыктан куткарып, куруу жана тарыхый прогресс максатында коомдук энергияны көбөйтүүгө чыныгы мүмкүндүктөрдү түзүшөт. Саясий эркиндиктер анда көп түрдүү керектөөлөрү жана кызыкчылыктары бар чыгармачыл инсан катары адамдын маңызы гана эмес, ал тарабынан объективдүү зарылчылыктын аңдалышынын даражасы да, канчалык толук чагылдырылса, ошончолук эффективдүүлүгү артат. Бул эки фактор тең эркиндиктердин жана милдеттүүлүктөрдүн, граждандардын жоопкерчиликтеринин, практикалык аракеттеринин биримдигин чагылдырат. Абсолюттук эркиндик жок, коомдо жашап коомго көз каранды болбоо мүмкүн эмес.
Бийлик структураларынын Саясий эркиндиктердин багытын коомдук тартипти, конституциялык түзүлүштү, демократияны сактоого багытталган актылары туура. Бирок Саясий эркиндиктерди ишке ашырууда чектөөчү аракеттер мыйзамга ылайык, конституциянын чегинде гана жүргүзүлүүсү керек. Тескери учурда коомдун демократтык негизинин бедели түшөт, анын саясий потенциалы начарлайт, ар бир адамдын саясий кызыкчылыгына жана аракеттерине сокку урулат. Ал эми ар бир адамдын эркин өнүгүүсү бардыгынын эркин өнүгүүсүнүн шарты жана өбөлгөсү болуп эсептелет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б