Саяң-Жайлоо
Саяң-Жайлоо, Саяң-Жайлак — «Манас» эпосундагы топоним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жайлоонун аты. Адегенде:
Саяң-Жайлоо, Үч-Суу бар,
Саятта жаткан ушу бар.
Кулутка деген калдай бар,
Куралган эли далай бар (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 72), — деп айтылат. Андан соң Манас кырк чоросу менен ууга чыккан жерлердин ичинде:
Саяң-Жайлак, Ара-Көл,
Алардын аңын уулашып
Айгайлашып чуулашып,
Ара-Түз менен ылдыйлап,
Тоонун башын сакташып (Сагымбай Орозбак уулу, 2.289), — деп эскерилет. «Жайлак» деген сөз байыркы түрк тилинде «жайлоо» деген түшүнүктү билдирет. С.-Ж. менен катар айтылган Ара-Көл Өзгөндөн жогору, Фергана кырка тоосунун этеги. Жазы суусунун боюндагы жер болсо, анда С.-Ж. Ара-Көлдөн алыс эмес жайлоолордун бири болушу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4