Северин Сергей Евгеньевич

Википедия дан

Северин Сергей Евгеньевич (8(21). 12. 1901-ж. т., Москва – 15 август, 1993) - советтик биохимик, СССР ИАнын (1968), СССР МИАнын акад. (1948), Социалисттик Эмгек Баатыры (1971).

  • МГУну бүткөн (1924).
  • 1932- 48-ж. З-Москва мед. институтунда (азыркы Рязань мед. институту) проф., 1935-ж. МГУда жаныбарлар биохимиясы лабораториясын уюштуруп, 1939-жылдан кафедра башчы.
  • СССР МИАнын Тамактануу институтунда (1945-47), СССР МИАнын Биол. жана мед. химия институнда (1948-49) директор.
  • СССР МИАда мед. жана биол. илимдер бөлүмүнүн акад.-секретары (1949-57).
  • Бүткүл союздук биохимиялык коомдун президенти (1969).
  • Севериндин негизги илимий иштери булчун тканынын биохимиясына, скелет булчуңдарындагы азоттуу заттардын ролун изилдөөгө арналган.
  • Анын 1960-жылдан негизинен гликогенолизге катышуучу ферменттерди жана скелет булчундарындагы а-кетокислоталардын дегидрогеназаларын изилдөөгө байланыштуу, о. эле миокард жана кандын биохимиясы боюнча илимий эмгектери бар.

«Учебник физической и коллоидной химии» (1941, П. П. Митрофанов менен бирге), «Практикум по биохимии животных» (1950, Н. П. Мешкова менен бирге) деген колдонмолордун автору. Үч Ленин ордени, Октябрь революциясы жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.