Мазмунга өтүү

Сегнет электриктер

Википедия дан

Сегнет электриктер - температуранын белгилүү интервалында өзүнөн өзү (спонтандык) поляризадиялапуучу жана ал поляризациянын багыты сырткы электр талаанын таасиринен күчтүү өзгөрүүчү кристаллдуу диэлектриктер.

Кенири изилденген жана практикада колдонулуучу Сегнет электриктер - барийдин титанаты, сегнет тузу, триглицинсульфат, калийдин дигидрофосфаты ж. б.

Белгилүү температурада Сегнет электриктердин спонтандык поляризациясы жоюлат. Бул температуpa Кюри чекити деп аталат.

Сегнет электриктер электр конденсаторунда, пьезоэлектрдик нурланууларда, үн жана ультра үн кабылдагычтарында, оптикалык системалардын сызыктуу эмес элементтери катары, радио электроникада, эсептов техникасында ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.