Сейдакматов Үсөн

Википедия дан

Сейдакматов Үсөн 1959-жылы 1-июлда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1976- жылы Макаренко орто мектебин,
  • 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун Ош шаарындагы филиалында инженер-механик кесибин аяктаган.
  • 1981-1999-жылдары Туштүк өндүрүштүк Автотрестте диспетчер, инженер, ага инженер, Көк- Жаңгак шаарындагы “Минавтошосседор” мекемесинде эксплуатация башчысы, мекеме башчысынын орун басары, мекеме башчысы,
  • 1999-2009-жылдары КөкЖаңгак шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы, Көк-Жаңгак шаардык башкармалыгынын жооптуу катчысы болуп эмгектенген.
  • 2009-жылдан бери салык инспекциясында сектор башчысы, аскердик каттоо столунда инспектор, учурда Октябрь балдар чыгармачылык борборунда авто-дело кружогун жетектеп иштеп келе жатат.
  • Эки жолу шаардын, бир жолу райондун депутаты болуп шайланган.
  • Республикалык, областык, райондук ардак грамоталардын ээси.
  • Ата-Мекендин алдында жана районубуздун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамына ээ болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3