Сейдракманов, Назаркул

Википедия дан

Сейдракманов, Назаркул - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994), “Манас” банкынын стипендианты, заманыбыздын белгилүү манасчыларынын бири. Сейдракманов Назаркул 1951-жылы Таластын Данбагар айылында туулган.

Бардык манасчылардай эле түш көрүп калуу негизги жолдун нугу болгону менен Назаркул түшүндө баатырлардын өңүн көргөн жокмун деп, ошолорду бир көрүүгө куштарлыгын жашырган эмес. Эпостун үч бөлүгүн толук айтуу менен Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын “Бабалардан калган сөз” телеберүүсүнө тартылган. 1995-жылы өткөн “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналган манасчылардын Эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон. Анын варианты өзүнүн көркөмдүүлүгү, эпикалык салыштыруулары менен айырмаланып турат. Алсак:

“Ташынан көп кийиги,

Талытат көздү бийиги” – деген Тал-Чокунун сүрөттөлүшү, болбосо, “Кошой менен Жолойдун күрөшүн” айтып жаткандагы:

“Буту тийген жерлери,

Бута атым бою жар болду.

Буурадай кирген дөөлөргө,

Бул дүнүйө тар болду!” – деген сүрөттөөлөр манасчынын сөзүнүн көркөмдүүлүгү канчалык деңгээлде экендигин айгинелеп турат.

Сейдракманов Назаркул учурда “Манас-мурас” коомдук фондунда устаттык кылат.

2010-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]