Сейсмология

Википедия дан
Сейсмограф.

Сейсмология (сейсмо... жана ...логин) - геофизиканын жер титирөөнү, анын себебин, натыйжасын жана курулуштарды кыйроодон сактап калуу чараларын изилдөөчү бөлүгү.

Сейсм толкундарынын негизинде жер титирөөлөрдү жана Жердин ички түзүлүшүн изилдөөгө, ошондой эле кен байлыктарды табууга жана жарылууларды (мисалы, ядролук) каттоого болот.

Жер титирөөлөрдү прогноздоо - ал титирөөлөрдүн ордун, күчүн жана убактысын алдын ала айтуудан турат. Бул иштер жер титирөөнү кабарлоочу, б. а. жер титирээрде жер кыртышы менен мантиясынын физикалык-механикалык касиеттеринен өзгөрүшүнө байланыштуу болгон кубулуштарды изилдөөгө багытталат. Жер титирөөнү прогноздоонун элементи - сейсмдик райондоштуруу. Ал жер титирөөчү районду, титирөөнүн максималдуу күчүн жана орточо кайталануу жыштыгын көрсөтөт.

Ал үчүн сейсм станцияларынан алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлөт. Сейсмдик байкоолорду оптималдаштырууга сейсм станцияларынын жайгашуу ордун тандоо (сейсмдик жактан активдүү зонанын жакшы «көрүнүшүн» жана төмөнку денгээлдеги микросейсмди кансыз кылуу) жолу менен жетишилет.

Жер титирөөгө туруштук беруучу курулушка зарыл маалыматтарды инженердик Сейсмология берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.