Сейталиев, Токтонаалы

Википедия дан

Сейталиев, Токтонаалы (1937, Панфилов району, Жайылма айылы) — кыргыз совет опера ырчысы (лирикалык тенор), СССР эл артисти (1984). Кыргыз опера жана балет театрынын студиясынан (1956) жана Курмангазы атындагы Казак консерваториясын бүтүргөн (1969).

С. кең диапазондуу үнү бар таланттуу ырчы. «Айчүрөк», «Манас» операларынан Сыргак, [[Күлчоро|Күлчоронун]] партияларын аткарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4