Сектачылык

Википедия дан

Сектачылык (лат. secta-окуу) диний - буддизм, ислам, иудаизм, христиан ж. б. диндерден бөлүнүп чыккан жана аларга каршы турган диний топтордун, жамааттардын жана бирикмелердин жалпы аты.

Сектачылык үстөм түзүлүшкө каршы социалдык нааразылыктын диний көрүнүшү катары чыккан. Капитализмге чейинки формацияларда Сектачылык теңдик, биримдик үчүн үстөм таптарга каршы күрөштө динге ишенгендерди баш коштурган социалдык жалпылыктын түрү болгон. Секталардын бийлик аппараты, жалпыга милдеттүү догмалык системасы, туруктуу жөрөлгөлөрү болгон эмес. Секталар эл массасынын тантык эзүүгө жана чет элдик үстөмдүккө каршы нааразылыгын чагылдырган. Мисалы, буддизмдеги брахманизм, иудаизмдеги ессейлер, сикарийлер, исламдагы исмаилит, кармат, харижит, ваххабит, махдис, бабид, христиан дининдеги адвентисттер, иеговисттер, методисттер, квакерлер ж. б.

Айрым секталар диний көз карашта эсхатологияны, хилаизмди кеңири таратышат. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө Сектачылык социалдык нааразылыкты диний сооротуу менен алмаштырыган, эл массасын саясий күрөштөн алагды кылууда. Ал эми колониялык жана көз каранды өлкөлөрдө Сектачылык колониализмге каршы элдик боштондук кыймыл менен айкалышууда. Мисалы, Түштүк Вьетнамга колониячыларга каршы күрөштө 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин калыптанган христиан дининин, буддизм менен даосизмдин айрым белгилерин камтыган «синкрет секталар» белгилүү роль ойноду.

Россияда Сектачылык 17-кылымдан пайда боло баштаган. Анда христиан дининен 17-кылымда хлысттар, 18-кылымда скоптор, духоборлор, молокандар ж. б. секталар бөлүнүп чыккан.

Октябрь революциясына чейин Орто Азияда ислам дининин суфизм, кадирия, ясевия, накшибандия, ал эми кыргыздар арасында эшен («чачтуу эшендер»), лячи («сырдуу адамдар») ж. б. секталары тараган.

Секталарга диний фанатизм, аскетизм, башкалардаи оолактоо мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.