Секундуна 5 сантиметр
Секундуна 5 сантиметр | |
---|---|
Режиссеру | Макото Синкай |
Сценарийи | Макото Синкай |
Негизинде |
Секундуна 5 сантиметр романы. Макото Синкай |
Музыкасы | Тенмон |
Студия | CoMix Wave Inc. |
Чыккан жылы | 3-март, 2007-ж. |
Узактыгы | 63 мүн |
Өлкөсү | Жапония |
"Секундуна 5 сантиметр" (жапончо: 秒速5センチメートル - Byōsoku Go Senchimētoru, англ. 5 Centimeters per Second, орус. Пять сантиметров в секунду) - 2007-жылы Макото Шинкай тарткан жапон анимациялык драмасы. Тасма 2007-жылы 22-январда тартылып бүткөн. Тасманын биринчи бөлүгү 2007-жылы 16-19-февраль ичинде "Yahoo! Japan" желесине "Yahoo! Premium" мүчөлөрүнө жүктөлгөн. 2007-жылы 3-мартта тасманын толук бөлүгүнүн бетачары Токиодо "Cinema Rise"да өткөрүлгөн. Тасма бир саатка жакын убакытка созулган "Черри Блоссом", "Космонавт" жана "Секундуна 5 сантиметр" аттуу бөлүктөрдөн турат. Синкайдын мурунку эмгектериндегидей эле тасманын музыкасын Тенмон жазган. Тасма 2007-жылы "Asia Pacific Screen" сыйлыгынын "Эң мыкты анимациялык тасма" наамын алган. Тасманын DVD варианты 2007-жылы 19-июлда чыккан.
Тасма роман түрүндө 2007-жылы ноябрда жарыкка чыккан. 2010-жылы июлда "Afternoon" манга антологиясынын басылмасында Сеике Юкиконун тасманы иллюстрациялаган мангасы жарыяланган.