Селкинчек тебүү
Көрүнүш
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюнда аркан колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар аркандын учтарын бекем кылып дарактарга байлашып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчекке отурушуп, буттарын жерден көтөрүшүп, колдору менен арканды кармашып, буттары менен катуу шилтешип селкинчек тебишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бири-бирине жакындоого, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Селкинчекти алты бакандарды тургузуп курса дагы болот. Селкинчекти буттарында турушуп тебишсе дагы болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого үйрөтөт.