Семашко Николай Александрович

Википедия дан

Семашко Николай Александрович (1874-1949) - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, саламаттык сактоону уюштуруучулардын бири, СССР МИАнын (1944) РСФСР ПИАнын (1945) акад.

  • 1891-ж. Москва университетинин мед. факультететине кирген.
  • 1893-жылдан маркстик кружоктун мүчөсү.
  • Революциялык ишмердиги үчүн 1895 -ж камакка алынып, айдалган.
  • 1901-ж. Казан университетинин медициналык факультететин бүтүргөн.
  • 1904-жылдан РСДРПнин Нижегород комитетинде иштеп, дагы камакка алынат.
  • Швейцарияга эмиграцияга кетип (1906), Женевада В. И. Ленинге жолуккан.
  • 1908-ж. Парняле которулуп.РСДРП БКнын Чет элдик бюросунун секретары болуп иштеген.
  • Россияга 1917-ж. кайткан. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин Моссоветтин мед.-санаториялык бөлумүн башкарган.

Семашко - РСФСРдин саламаттык сактоо боюнча эл комиссары (1918-30), Чоң медицина энциклопедиясынын башкы редактору (1927-36), 1947-жылдан өмүрүнүн акырына чейин СССР МИАнын Саламаттык сактоону уюштуруу жана медицина тарыхы институтунун (азыркы Н. А. Семашко атындагы) директору.

Анын жетекчилиги менен эпидемияга каршы күрөш ийгиликтүү жүргүзүлүп, саламаттыкты сактоонун негизи, энелик менен балалыкты коргоо, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чындоо системалары ж. б. түзүлгөн.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.