Семенов кауфманиясы

Википедия дан

Семенов кауфманиясы (лат. Kaufmannia semenovii (Herd.) Regel, Kaufmannia brachyanthera Losinsk) - Бийиктиги 15(20) – 30 (40) см ге жеткен көп жылдык чөп өсүмдүк. Жалбырактары тамыр моюнчасында, узун жалбырак саптуу; Жалбырактары тегерек-бөйрөк сымал, айчыктуу тишчелүү, эки жагынын тарамышы булалуу, гүл сабагы кыйшык түктүү, жалбырагынан ашып турат. Гүлдөрү тутамдай чатырча гүл тобуна чогулган, ороочторунун жалбыракчалары узунча- тескери жумуртка-шынаа сымал, үстүнөн кесилгендей тишчелүү; Гүл сабы безчедей булалуу; чөйчөкчөсү бездей-түктүү, беш бөлүктүү, ланцеттей бөлүктөрү менен, түтүкчөсүнөн кыска. Гүл коргону бозомук-сары, түтүкчө-воронкадай; чаңчасы жана мамычасы гүл коргонунан чыгып турат. Мөмөсү – жумурткадай кутуча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Май-июлда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Тянңшанң (Кетмен, Заилийск, Күңгөй тоо кыркалары). Кыргызстанда – Күңгөй Алатоо кыркасынын түштүк беттериндеги Чоңаксуу суусунун бассейниндеги Ортобайсорон капчыгайында.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карагайлуу тоо алкагынын таштардын жана аскалардын жаракаларында.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аз сандагы популяциялары.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чектелбеген рекреациялык оордук: гүлүн массалык түрдө үзүп-чогултуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин Кызыл китебине (1978), СССРдин Кызыл китебине (1984), Казак ССРинин Кызыл китебине (1981) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн популяциясынын абалын катуу текшерип, өскөн аймактарды коргоп, атайлап өстүрүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Сейрек кездешкен, эндем түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]