Семенов пиязы

Википедия дан

Семенов пиязы (лат. Allium semenovii, Regel) - Көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Тамыр сабагында 1 же бир нече пияз түптөр жайгашып, цилиндр сымал, жоондугу 1 см ге чейин, анча байкалбаган торчодой, күрөң кабык менен капталган. Сабагынын бийиктиги 10-40 см, жарымына чукул жылмакай жалбырак кучагы менен оролгон. Жалбырактары 2-3-төн, жазы сызгычтай, туурасы 5-15 мм, көпкөлөң эмес, жылмакай. Кабы кыска учтуу, чатырчасына тушташ, боөлгон. Чатырчасы башчалуу, шар же жумуртка сымал. Сырткы гүл саптары кыска, гүл коргонунан бир кыйла кыска, ичкилери болсо, бир аз узун же, тең, тегинде гүл жан жалбыраксыз. Коңгуроодой гүл коргонунун жалбыракчалары алтындай сары, кийинчерээк кызарган, узундугу 10-15 мм, тең эмес, ланцеттүү же узунча-ланцеттүү, имерилген, учтуу. Гүл коргонунун сырткы жалбыракчалары ичкилеринен 1,5 эсе узун, учтуу, 6 мм, тишчелүү. Аталыгынын жипчелери гүл коргонунун сырткы жалбыракчаларынан 3-4 эсе кыска, тегинен аны менен 1/2 же 3/4 өз ара биригип турат. Гүл коргонунун ички жалбыракчалары 2 эсе эндүү, 2 тишчелүү. Мамычасы үч чаң алгычтуу, гүл коргонунан чыкпайт. Кутучасы гүл коргонунан 3 эсе кыска.

Биологиялык өзгөчөлүгү.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнь-июлда гүлдөп, август айында уруктайт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук жана ички Тянь-Шань.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийик тоо алкагынын алңпы шалбаалары, батыш жана түндүк дүңгөлүү тоо беттери, жондору.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын чарбачылык ишкердүүлүгү: жазында мал жайып, гүлдөрүн чогултуп, пияз түптөрүн казып алуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр жыш кездешкен жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруп, популяциясынын абалына иликтөө жүргүзүү. Гүлүн үзүп, пияз түбүн казып алууга тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Ички Тянңшандын эндем түрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]