Семиз-Бел заказниги

Википедия дан

Семиз-Бел заказнигиТоң районундагы аңчылык заказниги.

Тескей Алатоонун түн. капталында. Семизбел, Улакол өрөөндөрүн, Чоломо, Алабел тоолорунун түн. капталдарын ээлейт. Аянты 97,0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, коён, кекилик, чил ж. б. коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1977-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2