Семитология

Википедия дан

Семитология - семит тил тобундагы элдердин тили, адабияты, маданияты жана тарыхы жөнүндөгү илим.

«Семитология» термини көбүнчө тил илиминде колдонулат. Семитология өлүү жана азыркы жандуу изилдөөчү дисциплиналарды (ассирия таануу, араб таануу, библия тануу, арамей таануу, угар таануу, эфиоп таануу ж. б-ны) камтыйт.

Семит тилдеринин грамматикасы византиялык грамматикачылардын таасири менен Сирияда, арабдарда жана еврейлерде (сириялык грамматикачы Яков Эдесский, 7-кылым: араб Сибавейхи, Халиль, 8-кылым ж. б.) диний китептерди түшүнүү жана тактап окуу максатында пайда болгон.

Семит тилдерин изилдөө Европада гуманизм, реформация, контрреформация доорунда башталган. 19 кылымда семитология салыштырма жана жалпы тил илиминин өнүгүшү менен кеңейип, ал боюнча грамматика, сөздүк, тарыхый обзор ж. б. чыккан. 20 кылымда семитология кафедрасы дүйнөнүн бардык университеттеринде ачылган.

Улуу Октябрь революциясынан кийин семитологиянын өнүгүшүнө Ленинград университетинин Семитология кафедрасы, СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмү зор салым кошкон: И. Ю. Крачковский жана анын мектеби (араб таануу, сабей таануу, эфиоп таануу), Н. В. Юшманов (семитхамит лингвистикасы), И. Н. Винников (араб таануу, арамей таануу) ж. б. Семитология Москвада, ошондой эле Белоруссия, Грузия ж. б. республикаларда өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9