Семит тилдери

Википедия дан

Семит тилдери - африка-азия же семит-хамит тил уясынына бир бутагы.

Бул бутактагы тилдер көбүнчө Ирак, Египет, Сирия, Алжир ж. б. араб өлкөлөрүнө, Израилге, Малиге, Эфиопияга, Эритреяга таралган. Түштүк (араб, мальта, Түштүк Аравиядагы мехри, шахри, сокотра ж. б. тилдер; геэз же эфиоп, амхара, тигринья, тигре, аргобба тилдери) жана түндүк-батыш (иврит - Израилдин азыркы мамлекеттик тили, жаңы арамей тили) деген топтору бар.

Семит тилдерине мүнөздүү белгилер: үндүү тыбыштары аз; үч түрдүү (жоон, каткалаң жана «эмфатикалык» - күч менен айтылчу) үнсүз тыбыштар учурайт; уңгу сөздөрү көбүнчө сөздүн негизги маанисин туюнтуучу үч үнсүз тыбыштан турат; мүчөлөр болсо сөз маанисин тактоо же грамматикалык маани туюнтуу милдетин аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9