Сенаж

Википедия дан

Сенаж - чөптүн нымдуулугу 50- 55%ке чейин тоборсутулуп, абасыз чөйрөдө консервалоо жолу менен даярдалган тоют.

Сенаж сырьёсу катары табигый шалбаа жана эгилме чөптөр керектелет. Тоборсутулган чөптү майдалагыч машина менен туурайт. Сенаж сактоо үчүн металлдан же темир бетондон жасалган жылчыксыз мунара, кээде кирпичтен же бетондон салынган силостук мунара, бетондолгон траншеялар колдонулат.

Мунарадагы (бийикт. 16-18 м) чөп салмагы менен басырылат, траншеяда трактор ж. б. менен тапталат.

Бекем ныкталган чөп, жылчыксыз жай бактериялардын өсүүсүн токтотуп, чирүүгө тоскоолдук кылат.

100 кг беде Сенажында 35-40 тоют бирдиги, 4-5 кг сиңимдүү протеин, 450- 460 г кальций, 200-220 г фосфор, 3000-4000 мг каротин бар.

Сенаж майда тууралган тоют болгондуктан малга берүүнү механикалаштыруу жеңил. Кышкысын тоңбойт.

Уйдун тоют рационундагы силос менен чөптү толук алмаштыра алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.