Сепкил

Википедия дан
Сепкилдүү бет

Сепкил — тегерек же сүйрү формадагы ачык сарыдан, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү тактар. Бетте, колдун сыртында, ийинде, кээде далыда, көкүрөктө симметриялуу жайгашат. Адатта жаз — жай мезгилинде көбөйүп, айрым учурда биригип жайылып да кетет. Кышында Сепкилдин түсү өчүңкү тартып, анча байкалбай калат. Көбүнчө 30 жаштан кийин Сепкил жоголот. Сепкилди таптакыр жоготуучу каражат жок. Анын алдын алуунун мааниси чоң.

Эрте жаздан баштап, кеч күзгө чейин көчөгө чыгарда бетке атайын коргогуч бет май («Луч», «Щит», «Защитный») сыйпап жана упалануу зарыл, упага (1 чай кашыгына) салол же уротропиндин 1 таблеткасын майдалап кошуу керек. Сепкилди врачтык косметикалык кабинетте жоготууга болот.

Үй шартында Сепкилди агартуу үчүн бетке айран, эки-үч күн турган кефир же суутектин өтө кычкылынын 3%түү эритмесин сыйпаса болот. Жай мезгилинде лимондун же быша элек кара карагаттын ширесин сыйпоо сунуш кылынат. «Мелан», «Ахромин» бет майлары да сепкилдин өңүн өчүрөт. Бул бет майларды күндүз көчөгө чыгарда сыйпанууга жарабайт. Кош бойлуу аялдар мындай бет майларды колдонууга болбойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8