Сераделла

Википедия дан
Түргө ат берген жемиштердин көрүнүшү.

Сераделла (Ornithopus) - чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу.

Дүйнөдө 11, түрү белгилүү, анын ичинен бирөө эгилме. Ал - бир жылдык, көп бутактуу, ичке сабактуу, ширелүү өсүмдүк. Уз. 50 смче. Жалбырагы 5-20 жуп.

Гүлү мала кызгылт, майда чачыкча. Мөмөсү - чанак, уругу майда. Сераделла Португалия, Испания жана Африкада өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.