Сергей Герасимов

Википедия дан

Герасимов Сергей Аполлинариевич [21 (3). 5 (6). 1906, Россия империясы, Оренбург губерниясы, Троицк уезди, Кундравы кыштагы 28. 11. 1985, СССР, Москва шаары] – кинорежиссёр, актёр, кинодраматург, кино теоретиги, СССР эл артисти. (1948), искусство таануу илимдеринин доктору (1967), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). ВГИКте профессор (1946-жылдан). Ленинград сахна искусствосу институтун бүтүргөн (1928). 1924-жылдан киного тартылган. Кийин кинорежиссёрлукка өтүп, 1930жылдары «Жети баатыр» (1936), «Комсомольск» (1938), «Окутуучу» (1939) фильмдерин тарткан. Бул фильмдерде жаштардын ички дүйнөсү көркөм изилденген. 1941-ж. «Маскарад» (М. Ю. Лермонтовдун драмасы боюнча) фильмин койгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда (1941-45) СССР Кинематография комитетинин согуш хроникасы башкармасынын орунбасары жана Борбордук документалдуу фильмдер студиясынын директору болгон. «Жеңилбестер» (1943), «Улуу жер» (1944), «Жаш гвардия» (1948), «Тынч Дон» (1957-58), «Журналист» (1967), «Көл жээгинде» (1970), «Кыздар-энелер» (1975), А. Толстойдун «Пётр Биринчи» романы боюнча экилтик, («Пётрдун жаш чагы» жана «Даңктуу иштин башталышы», 1981), «Лев Толстой» (1984) ж. б. фильмдерди тарткан. Режиссёрдук, актёрдук жана сценарийчилик ишмердигин педагогикалык иш менен айкалыштырган. Анын шакирттеринин арасында С. Бондарчук, Л. Кулижанов, И. Макарова, Н. Мордюкова, Н. Рыбников, Л. Гурченко, З. Кириенко ж. б. болушкан. СССР мамлекеттик сыйлыктын (1941, 1949, 1951, 1971), Лениндик сыйлыктын (1984) лауреаты. Эки Ленин ордени, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]