Серкебаев Ермек Бекмухамедович

Википедия дан

Серкебаев Ермек Бекмухамедович (1926-ж. т., Петропавловск) – казак ырчысы (лирикалык баритон), СССРэл артисти (1959).

  • 1941-ж. Алматыдагы музыкалык окуу жайында (скрипка классы боюнча) окуган.
  • 1951-ж. Алматы консерваториясын (A. М. Кургановдон ырдоо классы боюнча) бүткөн.
  • 1947-жылдан Абай атындагы Казак опера жана балет театрында солист.

Негизги ролдорду: Абай (А. Жубанов жана Хами-ди, «Абай»), Кожогул, Амангелди (М. Түлөбаев, «Биржан менен Сара»,«Амангелди»), Евгений Онегин, Мазепа (П. Чайковский, «Евгений Онегин», «Мазепа») ж. б.

Камералык жана эстрадалык ырчы катары да таанымал. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

СССР Жогорку Советине (7-шайл.), Казак ССР Жогорку Советине (8-шайл.) депутат. К. Байсеитова атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйл. (1977)лауреаты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.