Мазмунга өтүү

Серкебай кызы Маржеке

Википедия дан

Серкебай кызы Маржеке (1916, Суусамыр өрөөнү, Тескей кыштоосу - 1993, Суусамыр кыштагы) - боз үйдүн жасалгасын өтө жогорку деңгээлде улуттук колоритте кооздогон уз.

  • Сайма сайып, шырдак оюп, өрмөк соккон.
  • Сабатсыз болгон, бирок ошого карабастан ой-туюму менен боёкторду төп келиштирип, жасаган.
  • Кичинесинен эле кол өнөрчүлүккө кызыгып, айылдагы уздардан өз алдынча үйрөнгөн.
  • Кийинчерээк байыркы көчмөн эл колдонгон нукура боз үйгө узчулук өнөрүн (фантазиясын) колдонуп, айкалыштырып, көптөгөн жасалгаларды жаңыртып кошкон.
  • Түркүн түс салып чий чырмап, аяк кап, чыны каптарды кештелеп кооздоп, жабык баш, ашкана, терме боорлорду, ошондой эле кийиз жасап, шырдак оюп, ала кийизге түр салып, тери ашатып көлдөлөң даярдап, боз үйдүн кийизин жасаган.
  • Республикалык, райондук жана облустук деңгээлде өткөрүлгөн көргөзмөлөргө (өзү жасаган боз үйү менен) катышкан.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9