Сеңир

Википедия дан

Сеңир -

1) тоонун урчуктанган бийик кыры. Топонимдин бир компоненти түрүндө да кездешет, мис., Кызылсеңир (Сузак, Өзгөн районундагы кыштактардын аттары);

2) негизги тоо тизмегинен мойнок аркылуу бөлүнөт, бөтөнчө формасы менен айырмаланган тоо тармагы. Тик капталдуу келип, кокту-колоттору жокко эсе. Мис., Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Кессеңир; ал Күңгөй Ала-Тоонун түштүк этегинде Ысык-Көлгө эңкейиш сеңир, Ысык-Көлгө кирип турган тумшук. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондуктан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынгандыктан бул кыр илгери эле Кессеңир, Кескенбел аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2