Сигналдаштыруу

Википедия дан

Сигналдаштыруу - көңүл бурдуруу, кабарлоо, буйрук берүү жана эки тараптуу суйлөшүүлөрдү тейлөө максатында сигнал берүүгө ылайыкталган түзүлүштөр системасы жана шарттуу белгилер.

Сигналдаштыруу көзгө көрүнмө, үндүү жана такт түрүндө, арналышы боюнча эскерткич, авариялык, чакырма же издегич, текшерип-тескөөчү же оперативдүү жана сүйлөшмө болуп бөлүнөт. Сигналдык түзүлүштөр жана приборлор катары гелиограф, жол белгилери жана нускамалары кеме оттору, петард, прожектор, радио- гидроакустикалык буй, радиозонд, радиомаяк, жол светофору, семафор ж. б. колдонулат. Сигналдык тузулуштер механикалык, гидравликалык, пневматикалык, электрдик жана радио системалар менен иштетилет.

Сигналдаштыруу автомобиль, т. ж. транспортторунда, авиацияда, энергетикада; өндүрүштө машиналардын , станоктордун абалын көрсөтүү, өндүрүш тапшырмасы менен анын аткарылышынын жүрүшүн салыштыруу; жумуштун коопсуз Шарттарын камсыз кылуу учун колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.