Сиддхарта

Википедия дан
Сиддхарта (1922).

"Сиддхарта" (нем. Siddhartha) — Херманн Хессенин 1922-жылы жазган романы. Романда ал Гаутама Будданын мезгилинде жашаган Сиддхарта аттуу кишини тапканы тууралуу руханий саякаты баяндалат. Хессенин тогузунчу романы болгон бул китеп немец тилинде, жөнөкөй жана лирикалык стилде жазылган. Чыгарма АКШда 1951-жылы басылып чыгып, 1960-жылдара таасирдүү болгон. Хессе чыгармасынын биринчи бөлүгүн Ромен Ролланга, ал эми экинчисин жээни Вилхелм Гундертке арнаган.

Сиддхарта сөзү санскрит тилиндеги эки сөздөн келип чыккан: siddha (жетишкен) + artha (изделген нерсе), экөө биригип "ал (болмуштун) маанисин тапкан" же "ал өз максаттарына жеткен" деген маанини билдирет. Чындыгында Будданын аты-жөнү өзү баш тартканга чейин Капилавастунун ханзаадасы Сиддхарта Гаутама болгон. Бул китепте Будда "Готама" деп аталат.

Кино версиялары

"Сиддхарта" аттуу тасма версиясы 1972-жылы жарык көргөн. Ага Шаши Капур тартылып, Конрад Рукс режиссерлук кылган.

1971-жылы вестерн мюзикл катары сюрреалисттик ылайыкташтыруусу Закария аталышы менен көрүүчүлөргө сунушталган. Жон Рубинштейн башкы ролду жаратып, Жорж Энглунд режиссерлук кылган. Дон Жонсон Говиндага барабар болгон Меттүнүн ролун аткарган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]