Гаутама Будда

Википедия дан
Гаутама Будда

Сарнатхдагы Будда айкели, б.з. IV к.
Толук аты-жөнү Сиддхартха Гаутама
Төрөлгөн болжол менен б.з.ч 563 же б.з.ч 623 жылдары
Лумбини, азыркы Непалда
Көз жумган болжол менен б.з.ч 483 же б.з.ч 543 жылдары(80 жашында)
Кушинигар, азыркы Индияда
Мектеп Бурканчылыктын негиздөөчүсү

Сиддхартха Гаутама, Будда Шакьямуни ((санскр. गौतमबुद्धः सिद्धार्थ शाक्यमुनि;даанышман (орус. просветленный), шакья уруусунан чыккан календер), (б. з. ч. 556–476) – Ганг дарыясынын ортоңку агымында отурукташкан шакья уруусунун падышасынын уулу.

Индия менен Непалдын чегарасына жакын Гималайдын этегинде туулган. Жашоодо оору-сыркоо, карылык, өлүм сыяктуу көрүнүштөр жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок көп убакыт жашоо жыргал жана керемет деген иллюзияда жашаган. Гаутаманын дүйнө жөнүндө иллюзиясы кыйрагандан кийин, жети жыл календерчилик кылып, даанышмандыкка жетишет.

Анын көз караштарынын негизин төрт чындык түзөт:

  1. Дүйнөдө бардыгы туруксуз, түбөлүк субстанциясы жок, ошондуктан, толтура кайгы-капачылык бар;
  2. Азап, кыйынчылыктын себеби бул жашоого, кумарданууга, каалоого, ышкыбоздукка чаңкоо;
  3. Азап кыйынчылыктан кутулуу үчүн адам кумардануудан, каалоодон баш тартып чаңкоону токтотушу керек;
  4. Кайра жаралуунун чынжырынан (сансара) бошонуп, нирванага жетүү үчүн туура сегиз жолду кармануу зарыл (кара: “Туура сегиз жол”).

Гаутама ушул окуусунун негизинде дүйнөлүк диндердин бири -бурканчылыкты ойлоп чыгарган. Буддизм азыркы учурда Шри-Ланка, Япония, Кытай, Непал, Бирма, Тибет ж. б. өлкөлөрдө ар түрдүү формаларда кеңири тараган дин болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]