Нирвана

Википедия дан

Нирвана (санскритчеден өчүү, муздоо) – индиялык философия менен диндин негизги түшүнүктөрүнүн бири, адамдын өмүрүндөгү сансарага (азап менен тозокко толгон материалдуу же сезимдик дүйнө) карама-каршы келген акыркы максат.

Буддизм менен жайнизмде адамдын умтулууларынын жогорку чеги. Буддизмде адамдын азап тартуусунун себеби болуп адамдын сезимдик каалоолорун канааттандырууга болгон умтулуусу же жашоого кумарлануусу (тришна) эсептелет. Тришнаны материалдуу дүйнөнүн туруксуз, жалган экенин билбестик (авидья) жаратат. Адамдын аң-сезими буюмдар менен окуялардын жалган, салыштырмалуу, өтмө дүйнөсүн конкреттүү чын дүйнө катары кабыл алат. Ошентип, авидья турмушка бекем жармашууну, аны башкарууга болгон аракеттерди пайда кылат. Булардын баардыгы тең азап; азап – сансараны айландырган зор күч. Ал эми материалдуу дүйнөнүн өтмө, салыштырмалуу табиятын билүү, түшүнүү сезимдик калоолорду ооздуктайт, сансарадан кутулууга мүмкүндүк берет. Азаптардын болбошу, азапты жеңүү нирвана деп белгиленет, б. а. эгер каалоо, жашоого кумарлануу азаптын себеби болсо, анда аларды токтотуу – бул азапты токтотуу – бул нирвана же азаптардын жалынын “үйлөп өчүрүү” – материалдуу жашоого болгон кумарды “муздатуу”, “суутуу” деп окутат. Нирванага жетүү үчүн Будда Санхга деп аталган кечилдер коомун түзүүнү сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]