Өлүм

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Адамдын баш сөөгү, бат-бат колдонулган сапаттуу өлүмдүн символу

Өлүм – организмдеги тиричиликтин токтолушу. Ал жашоонун негизин түзгөн белоктордун ажыроосуна байланышат. Кайсы гана организм болбосун, ал өзүнүн жашоосун өлүм менен аяктайт. Өзүн жараткан себептерге байланыштуу өлүм табигый (физиолог) жана мезгилсиз (патологиялык) бөлүп бөлүнөт. Табигый өлүм организмдин картайышынан, ал эми мезгилсиз өлүм ар түрдүү оорулардан, түрдүү кырсыктардан, же өзүн-өзү өлүмгө кыюудан болот.

Адам менен жаныбарлардын өлүм дем алуу жана кан айлануу процессинин токтолушу менен байланышкан. Ошондой эле өлүмдүн клиникалык жана биологиялык түрлөрү бар. Клиникалык өлүмдө жашоону калыбына келтирүүгө болот, ал эми биологиялык өлүмдө клетка жана ткандар кайра калыбына келбейт.

Юридика[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлүм – соттук медицинанын негизги түшүнүктөрүнүн бири; тирүүлүктөн биологиялык өлүмгө (организмдин өмүр сүрүүсүнүн таптакыр токтошуна) чейинки баскычтагы жүрүмдү билдирет. Азыркы мезгилде медицина адамдын өлүмүн мээсинин таптакыр өлгөн учурунан тартып тааныйт. Ө. жөнүндө корутунду КР Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолжобого ылайык мээнин таптакыр иштебей калуусун (мээнин өлүүсүн) каттоонун негизинде берилет.

Медицина[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлүм — организмдин тиричилик-аракетинин кайра калыбына келгис токтолушу; биологиялык особдордун жеке жашоосунун бүтүшү.

Өлүмдүн организмге таасири[оңдоо | булагын оңдоо]

Киши менен татаал түзүлүштүү жаныбарларда негизги функциялар (дем алуу, кан айлануу) токтор замат клетка, ткандарда калыбына келгис өзгөрүүлөр болбойт. Түрдүү ткандар менен органдарда зат алмашуунун токтошу жана структурасынын бузулушу бир мезгилде жүрбөйт. Мисалы, өлгөн кишиден алынган айрым органдар атайын чөйрөдө көпкө чейин иштейт. Өлгөн кишинин айрым органдарын тирүү кишиге көчүрүү ушуга негизделген.

Тирилтүү жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Айрым учурда тиричиликти калыбына келтирип, организмди тирилтүү мүмкүн. Мындай өлүм клиникалык өлүм деп аталат. Клиникалык өлүм дем алуу, кан айлануу бузулганда, мисалы, сууга чөккөндө, муунганда, операция убагында жүрөк токтоп калганда, миокарддын инфарктында жана башкалар нерв системасынын клеткаларына кычкылтек жетпей калышынан болот. Анын орточо узактыгы 2—6 мин. созулат. Бул мезгилде негизги функцияларды калыбына келтирүүгө болот. Андан кийинки биологиялык өлүмдө бул функциялар калыбына келбейт. Өлүм себебине жараша табигый (физиологиялык) жана мезгилсиз (патологиялык) болуп бөлүнөт. Табигый өлүм организмдин акырындап картаюусунун натыйжасында, мезгилсиз өлүм ар кандай оорудан, кырсыктардан, өзүн өзү өлүмгө кыюудан болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]