Сикоку

Википедия дан

Сикоку - Япониядагы арал, Япон архипелагынын туштүгүндө.

Түндүк- чыгыш жана түштүк-батыш жээктери булун-буйткалуу. Жапыз жана орто бийик (эң бийик жери 1981 мт Исидзути чокусу) тоолор басымдуу. Алар гранит, сланец, жанар тоо тектеринен турат.

Климаты субтропиктик, муссондук. Жылдык жаан-чачыны 750-3000 мм. Дарыялары босоголуу, суусу мол. Капталдарын чер токой (эмен, пихта, криптомерия ж. б.) ээлейт. Жез кени, бермет промысели бар.

Башкы шаарлары: Мацуяма, Имабари, Ниихама, Такамацу, Токусима. Коти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.