Силициддер
Көрүнүш
Силициддер — кремний менен металл жана айрым металл эместер болгон химимялык бирикмелери. Мисалы, ТаSi 2, Мn3Si, Сr5Si3 . Көпчүлүк С. кыйындык менен эрүүчү кристалл. заттар, жогорку темп-рага химимялык жактан туруктуу. Электр мешиндеги молибден С. MoSi 2 жасалган ысыткычтар 1700°С чейинки температурада пайдаланылат. Алар техниканын түрдүү тармактарында ысыкка чыдамдуу куймаларды, электр мештери ысыткычтарын жана башка жасоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6