Силостоо

Википедия дан

Силостоо, ачытуу - тоютту абасыз консервалоо; чыктуу тоют даярдоодогу нөгизги ыкма.

Силостоо Европада 18-кылымдан бөлгилүү. Россияда 19-кылымдан баштап (кызылча жалбырагы жана тобу, кийинчерээк беде, жүгөрү, мөмө тамыр ж. б.) колдонулат.

Силостоо үчүн өсүмдүктү чабуу (же мөмө тамырды, бакча өсүмдүктөрүн ж. б. жыйноо), ташуу, майдалоо, силос аңгегине түшүрүү, таптоо жана жабуу жумуштары аткарылат. Силостун үстү жылчыксыз жабылса, аэробдуу (абалуу чөйрөдө көбөйүүчү) бактериялар менен козу карындын өөрчүшү токтолот, айда пайда болгон сүт кислотасы тоютту ачуудан, анаэробдуу (абасыз) чирүүдөн ж. б-дан сактайт.

Сүт кычкыл бактериялардын азыгы катары ширелүү тоют өсүмдүктөрүндөгү кант керектелет. Оңой силостолуучу өсүмдүктөргө жүгөрү, күн карама, бир жана көп жылдык дандуу өсүмдүктөр, алардын чанактуу өсүмдүктөр менен аралашмасы, бакча өсүмдүктөрү ж. б., кыйындык менен силостолуучуга чанактуу өсүмдүктөр, картошка сабагы ж. б., силостолбоочуларга чалкан, помидордун кычкыл жалбырагы, ашкабак ж. б. кирет да, Силостоо процесси өсүмдүктүн түрүнө жараша жүргүзүлөт.

Сырьёнун нымдуулугу 75%дан ашпоого жана температурасы 35-37°С болууга тийиш. Силос өтө ысып кетсе, өсүмдүктөгү азык заттар жоголуп, витаминдер бузулат. Өсүмдүк тууралып салынса, андан клетка маңызы арбын бөлүнүп, углеводду сүт кычкыл бактериялар жеңил ачытып, сүт кислотасы тез топтолот. Тууралган силосту башка тоют менен аралаштырып берүүгө, аңгектен чыгарууга оңой болот. Өсүмдүк азык заттары толук, көк кезинде силостолот.

Кыргызстандын чарбаларында силос менен катар сенаж да даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.